ISBN 978-9967-31-693-5
Бул китеп кыргыз тили боюнча жалпы маалыматтарды жөнөкөйлөтүп берүү
максатында түзүлдү. Өз билимин өркүндөткүсү келген окуучулардын билим алуусуна
көмөк көрсөтөт деген ойдобуз. Окуу куралы абитуриенттердин билимин
системалаштырууга өбөлгө түзөт, ошондой эле бүтүрүү сынактарында жана ЖРТга
даярдоодо боштуктарды жоюуну калыптандырат.
Китепте ар бир бөлүмгө тиешелүү тесттер жана алардын жооптору берилген. Ар
кандай тесттерди иштөөнүн ыкмалары да көрсөтүлгөн. Бул курал, абитуриенттерге
жана бүтүрүүчүлөргө, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттерине,
мугалимдерге, даярдоо бөлүмүнүн окутуучуларына арналат.

УДК 373.167.1

ББК 28.0 Я 721

    M 75

             Молдалиев Ж. Т., Кадырова А. Д.

М 75  Биология : ЖРТ га даярдык, -Б.: 2018.-182 б.

  ISBN 978-9967-9127-9-3

 Биология (таблица, схема, сүрөттөр) окуу куралы орто мектептердин окуучуларына жана биолог мугалимдерине кошумча билим алууга жардам берет. ЖРТга даярдоодо окуу программасына дал келет жана окурмандарды өзүнө тартат деп ишенебиз. Китепте окуу программасына ылайык терминдерге кеңири түшүнүктөр материалдар берилип, окуучулардын өз алдынча билимин өркүндөтүү үчүн маалымат берилген.

Таблица, схема жана сүрөттөрдүн жардамы менен процесстерди түшүнүктүү жана кыскача так маалымат алууга авторлор тарабынан ойлонулуп  жазылган.

ЖРТ үчүн колдонмо
Бул окуу куралы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мекемелеринин программасына
ылайык 5-11-класстар үчүн математика предмети боюнча даярдалды. Окуу куралы
абитуриенттердин математика боюнча билимин системалаштырууга өбөлгө түзөт,
ошондой эле бүтүрүү сынактарында жана ЖРТга даярдоодо боштуктарды жоюуну
калыптандырат.
Басылманын жардамы менен математика боюнча негизги билим деңгээлин текшерүүгө
болот. Окуу куралынын артыкчылыгы, окуучулар чыгарылыштары жана
түшүндүрмөлөрү менен өз алдынча даярдануу үчүн пайдалана алышат. Китепте 5-11-
класстарынын темалары боюнча алгебра жана геометрияны камтыган 1000ден ашык
практикалык көнүгүүлөр бар.
Китепте ар бир бөлүмгө тиешелүү тесттер жана алардын жооптору чыгарылыштары
менен берилген. Жогорку класстын окуучуларына жана математика боюнча мектептин
мугалимдерине сунуш кылынат.


Китеп жалпы орто билим берүү мектептептерин аяктап, Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын химия негизги профилдик предмет болгон факультеттерине тапшыруучу бүтүрүүчүлөр үчүн даярдалган. Китепте ЖРТ программасында камтылган органикалык жана органикалык эмес химиянын бүтүн темалары берилген. Китептеги ар бир тема окуучуга жеткиликтүү формада иштелип чыгып, сынакка даярданууда өтүлгөн темаларды бышыктоо үчүн колдонмо курал болуп эсептелет. Китептин баалуулугу анын мектеп программасына ылайыкташтырылып, 8-11-класстарынын органикалык жана органикалык эмес химиянын материалдарын камтыганында.